Жаңылыктар
Марипов Татарстандын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Марипов Татарстандын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Татарстандын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

Тараптар буга чейинки Казань шаарында ишкерлер менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө кызматташтык тууралуу 10дон ашуун келишимдерге кол коюлгандыгын эске салып, Шайхразиев билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Улукбек Марипов жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басарын Сабантуй элдик майрамы менен куттуктады. Бул майрам татар-башкыр маданиятын жайылтууда, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары саналарын белгиледи