Бул тууралуу шаардык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди. Шайлоого катышуу тууралуу “Туран”, “Эмгек”, НДПК жана Жашылдар партиясы документтерин тапшырган.
Ушуну менен шайлоого аттанган партиялардын саны 13кө жетти. Буга чейин Мигранттар партиясы, “Жаңы мезгил”, “Биздин эл” партиялары арызын берген. Эскерте кетсек, “Биздин эл” партиясы кайталап шайлоого катышпай турганын билдирген болчу. “Өнүгүү-Прогресс”, “Социал-демократтар”, “Замандаш”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Келечек-Будущее” жана “Биздин Кыргызстан” партиялары шайлоого катышуу тууралуу билдирүү жөнөткөн.
Ош шаардык кеңешине “Ынтымак”, “Биздин Кыргызстан”, Токмок шаардык кеңешине “Эл биримдиги” менен “Эмгек” партиясы катышмай болууда. Документтерди тапшыруу мөөнөтү 13-июнда аяктап, 20-июнда комиссия катталган партиялардын тизмесин жарыялайт. Үгүт иштери 21-июнь күнү саат 8 де башталып, 10-июлда аяктайт.