Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, борбор калаада Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабында жолдорду оңдоо иштери улантылууда.
Учурда "Арча-Бешик", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо", "Жеңиш", "Ак-Босого", "Эне-Сай", "Ак-Тилек", "Учкун" жана "Ынтымак" жаңы конуштарында узундугу 26 чакырым жолдо оңдоо иштери жүрүп жатат.
Долбоордун экинчи этабында жаңы конуштарга 34,1 км жол курулат.
Жалпысынан быйыл 44 көчөнү, 2022-жылы 16 көчөнү оңдоп бүтүрүү пландалууда.
"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо, аянты 630 миң чарчы метр жол катмарын алмаштыруу жана 130 чакырым тротуар куруу, 46 миң ирригацияны алмаштыруу пландалууда.