13 млн сомдон ашык сумманы түзгөн жер аянты мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынан аянты 1,7 гектар айыл чарба багытындагы жерди социалдык объект курууга документтештирилген. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын кызматкерлери баштапкы документтерди жасалмалап, жеке жактарга бөлүп берген.
Натыйжада, 4 кызматкер жоопко тартылып, 10у кызматтан бошотулган. УКМК тарабынан мамлекеттик каттоодогу коррупцияны жоюу боюнча чаралардын жүрүшүндө, кылмыш-жаза кодексинин 320-беренсинин 2-бөлүмү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.