Жаңылыктар
Кумтөр келтирген зыяндын көлөмү
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр келтирген зыяндын көлөмү

Кумтөр кенин иштетүүдөн өлкөнүн экологиясына жана экономикасына келтирген зыяндын көлөмү миллиарддаган сом деп саналууда. Чыгымды калыбына келтирүү үчүн мамлекет бардык зарыл болгон чараларды көрүшү керек дешет адистер. Акыркы коррупцияга байланышкан камоолор дагы, Кумтөр келишимдериндеги жемкорлуктун көрсөткүчү катары сыпаттагандар бар.

Ушул кезге чейин Кумтөр кенинде өндүрүш эрежелеринин так сакталбагандыгынан улам эки мөңгү толук эрип жок болуу алдында турат. Адистер муну чет элдик компаниянын өлкө экологиясына каршы жасаган кылмышы деп баа беришип коңгуроо кагып келишкени менен тиешелүү чара көрүлгөн эмес. Быйыл түзүлүп иш алып барган мамлекеттик комиссия экология маселеси боюнча Центеррага 4 млрд долларга жакын айып койгон. 

Эгер иш эл аралык сотко жетсе, Кыргызстан дал ушул экология маселесин биринчи орунга коюшу керек дешет адистер. Канадалык компания убагында өлкөнүн жогорку кызмат адамдарын “сатып алып”, мыйзамды одоно түрдө бузуу менен иш алып барган деп эсептешет.

Ошол эле учурда, Кумтөр келишимдеринде орун алган жемкорлукту иликтөө тыкыр жүргүзүлүп, күнөөсү барлар жоопкерчилик тартышы керек. Адистердин пикиринде, бул иште эч кандай саясий куугунтуктун белгилери жок. 

Адистер ошондой эле, Кумтөр иши боюнча тергөөнү да ачык айкын, кынтыксыз алып барууга үндөшөт. Анткени алтын кендеги экологиялык зыяндын жана келишимдердеги коррупциянын деңгээлин эл так билиши керек.
Адистер ошондой эле, Кумтөр иши боюнча тергөөнү да ачык айкын, кынтыксыз алып барууга үндөшөт. Анткени алтын кендеги экологиялык зыяндын жана келишимдердеги коррупциянын деңгээлин эл так билиши керек. Адистер ошондой эле, Кумтөр иши боюнча тергөөнү да ачык айкын, кынтыксыз алып барууга үндөшөт. Анткени алтын кендеги экологиялык зыяндын жана келишимдердеги коррупциянын деңгээлин эл так билиши керек. билиши керек.