Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылар кадимки тартипке өтүп иштей баштады. Ушул тапта Чоң-Алайдын Унжу-Булак аймагында абал тынч. Ал арада эксперттер чек арадагы чыр-чатактарды болтурбаш үчүн кыргыз тарап эки тараптуу келишимдерге гана ишенип отура бербестен, коопсуздукту чыңдап, жагдайды жакшырта турган зарыл иш-чараларды уланта бериши керек деп эсептешет.
Тажикстан менен чектеш жайгашкан Чоң-Алайдын Карамык айылында бүгүн жай турмуш. Эл мал-жанын жайлоого жайып, кадимкидей күнүмдүк жашоосун кечирүүдө. Ошентсе да өткөн жумадагы дүрбөлөң көпчүлүктүн эсинен кете элек.
Ушул тапта Чоң-Алайдагы чек арачылар күчөтүлгөн тартиптен кадимки жай тартипке өтүп иштей баштады. Чек ара кызматынын маалыматына караганда 4-июндагы окуяга себеп болгон, Унжу-Булак аймагындагы тактала элек жерге тажик тараптан орнотулган контейнер ошондой эле топтолуп жаткан автомашиналар жана жеңил брондолгон техникалар учурда көрүнбөйт.
Айта кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурда жайгашкан туруктуу ордуна алып кетүү аягына чыкты. 5 -июнда кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу аймагында жолуккан эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары натыйжада 8 бөлүктөн турган протоколго кол коюшкан. Ошол эле учурда тараптар ушул протоколдун пункттарын бекем сактоону макулдашкан.