Түркия мамлекети Кыргызстандын эң ири беш соода экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Эки өлкө келечекте соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү максат кылышууда. Мындан сырткары, маданий гуманитардык багыттагы кызматташтык алакалары ыкчам өнүгүүдө.
Алдыдагы күндөрү президент Садыр Жапаровдун Түркия мамлекетине расмий сапары күтүлүүдө. Анда тараптар саясий, соода экономикалык жана маданий гуманитардык багыттагы бир катар маселелерди талкуулашмакчы. Азыркы учурда расмий иш сапардын алкагында кол коюла турган документтердин тизмеси да даярдалууда.
Кыргызстан менен Түркия айыл чарба, тоо кен тармагы, текстиль жана гидроэнергетикалык секторду өнүктүрүү маселелери карап жатышат. Эки өлкө келечекте соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү максат кылышууда. Азыркы учурда Кыргызстанда түрк ишкерлери инвестиция салган ондогон ишкана мекемелер иш алып барууда.
Эки кызматташтыгынын алкагында маданий гуманитардык тармак тез ыргак менен өнүгүп келе жатканын белгилесе болот. Азыркы учурда Түркияда Кыргызстандын 2 миңден ашык студенттери билим алып жатышат. Мындан сырткары өлкө кыргыз-түрк “Манас” университети миңдеген адистерди даярдап чыгарууда.
Жакын арада Кыргызстанда “Маариф” фондунун билим берүү мекемелерин ишке кириши күтүлүүдө. Ал дагы агартуу тармагындагы, анын ичинен бала бакчадан тартып Жогорку окуу жайларына чейинки билим берүүдө күчтүү уюмдардын бири болуп саналат.
Боордош өлкө катары Кыргызстан Түркия менен тыгыз кызматташтык алака түзүп келет. Адистер, мамлекет башчысынын расмий иш-сапарынын жыйынтыгы менен өз ара алака жаңы деңгээлге чыгып, кызматташтыктын бардык багытын камтыган келишимдерге кол коюларын күтүп жатышат.