Жаңылыктар
Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу

Өлкөбүздөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдуулук алардын ишинин сапатынан көз каранды. Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин алгачкы отуруму өттү. 

Анда тармактагы көйгөйлөр, тутумду реформа кылуу кадамдары, кодекстерди, мыйзамдык, укуктук базаны чыңдоо, кайрадан иштеп чыгуу, жаңы баш мыйзамга шайкеш кылуу чаралары белгиленди. 

Өлкө башчы сот органдарынын структуралык өзгөртүүлөрүн тездетүү, сот өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн көтөрүү жана сот адилеттүүлүгүнө жетишүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун ыкчам кабыл алуу учур талабы экендигин айтты.