Банктагы депозитти мөөнөтүнөн мурда жаап салуу насыя алууда терс таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирет.
Белгилей кетсек, келишимдин мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун таасири тууралуу интернет айдыңында маалыматтар тараган. Депозит мөөнөтүнөн мурда токтотулуп жабылган болсо, келишимдин тарыхына терс таасирин тийгизбейт. Анткени жарандын же юридикалык жактардын алган насыялары боюнча милдеттенмелери кандай аткарылганы боюнча маалымат базада бар, - деп айтылат билдирүүдө.