Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков бекиди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков бекиди

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков бекиди. 7-июнда өткөн шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 29 депутаты катышып, Ормоковдун талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. 

Белгилей кетсек, Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышында депутат болуп, шаардык кеңешке төрагалык кылган. Ал өткөн жылдын октябрь айынан бери Жалал-Абад шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген болчу.

“Калаа бюджетин бөлүштүрүү алдында шаарды өнүктүрүү боюнча иштеп чыккан программамды депуттарга бергем. Менин максатым ошол иштерди аягына чыгаруу. Негизи багытым бюджетти көбөйтүүгө жумшалат. Калаа казынасынын каражаты көбөйсө, шаарды ар тараптан өнүктүрө алабыз. Депутаттар чоң ишеним менен шайлады. Болгон күчүбүздү жумшайбыз”, - деди Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков.