Тажикстандын аскерлери Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы такталбаган аймакка орноткон контейнерлерин алып кетти. Мындай маалыматты УКМКдан тастыкташты.
Буга чейин Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылдарынын тургундары коопсуз жайга чыгарылып, 5-июнда эл айылдарына кайткан.
Кийинчерээк эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшүп, макулдашкан протоколдун негизинде аскерлерин чыгарып кетти.