Жаңылыктар
Кемин районунда эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кемин районунда эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Кемин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, тартип бузууларды алдын алуу максатында, эс алуучу жайларга милициянын аймактык тескөөчүлөрү бекитилип, алар бөлүнгөн аймактарында тиешелүү алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. 

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-июнь күндөрү Кемин РИИБдүн башчысы милициянын полковниги Талант Мурадилов жана анын орун басары милициянын майору Кубанычбек Карагалдаев ошондой эле милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен Кемин районунун Орловка шаарына жакын жайгашкан эс алуу жайында алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Кемин РИИБдүн жетекчилиги эс алуучулар менен жолугушуп, аларды бөөдө кырсыктардан алыс болуп, эс алуу жайдын администрациясы тарабынан айтылган коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертишти. 

Ошондой эле жаш балалуу ата-энелерди бөбөктөргө өзгөчө көңүл буруп, алардын кыймыл аракеттерине тыкыр көз салуу зарылдыгы айтылды. Андан сырткары милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы эс алуу жайларда жана башка коомдук жайларда алдын алуу иштерин жүргүзүшөөрүн айтышып, кандай кайрылуулар болбосун милициянын көчмө кабылдамасынын кызматкерлерине кайрылуу ыңгайлуу экендигин эскртишти. 

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан Кемин РИИБүнө милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы үстүбүздөгү жылдын 16-апрель күнү берилген. Буга чейин Кемин районунун аймагындагы айылдарына көчмө кабылдама 26 жолу эл менен жолугушууга чыгышкан. Учурда Кемин районунун аймагындагы эс алуучу жайларда, коомдук жайларда жана айыл жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.