Жаңылыктар
Аскарбек Жаныбеков Тоң мамлекеттик балык заводунун бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Аскарбек Жаныбеков Тоң мамлекеттик балык заводунун бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү менен таанышты

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Тоң мамлекеттик балык заводунда болду. 

Маалыматка ылайык, министр заводдун аймагын карап чыгып, иштин жүрүшү жана учурдагы абалы, ишкананын бүгүнкү көйгөйлөрү менен таанышты. Заводдун башчысы балык чарбаларын абалын жакшыртуу максатында окуу борболорун түзүү сунушун айтты. Министр балык чарбасынын директоруна жана балык өстүргөн фермерлерге Россия, Украина жана Беларуссиянын университеттеринде окутуу программалары жөнүндө маалымат берди. Тоң мамлекеттик балык заводу 1965-жылы курулган. 

Азыркы учурда балыктын бир нече түрү өстүрүлөт. Жылына 200-250 миң форель жана 6-7 млн сига лудога балыктары өстүрүлүп, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнө коё берилет. Бүгүнкү күнгө чейин бул балыктардын 10 миллиондон ашык жумурткасы инкубацияга жумшалды. Чабактар Ысык-Көлдө жана Тоң балык заводу мамлекеттик ишканасынын жасалма бассейндеринде чоңойтулат.