Белгилүү куудул Рахман Разыков көз жумду. Бул тууралуу куудулдун шакирти, "Беш тапан" куудулдар тобунун мурдагы мүчөсү Акыл Абдиевдин соцтармактагы баракчасына жазылганын массалык маалымат каражаттары билдиришти.
Куудул 6-июндан 7сине караган түнү дүйнөдөн кайтты.
Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында туулган.
КТРКнын жалпы жамааты Рахман Разыковдун үй бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.