Ушул жумада Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды. Жолугушуунун журушундо олконун бугунку кундогу илимий кадрдык даремети, билим берүү тармагын санариптештирүү, билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо, ошондой эле бул тармактын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын андан ары өркүндөтүүгө жана жүзөгө ашырууга өбөлгө боло турган артыкчылыктуу багыттарды, натыйжалуу уюштуруучулук жана педагогикалык шарттарды аныктоо зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, айрым ата-энелерден келип түшкөн арыз-даттанууларды эске алуу менен, Мамлекет башчысы мектептерде электрондук кезекке тургузуу тутумун өркүндөтүү, бул процессти мүмкүн болушунча, айрыкча, Бишкек шаарында натыйжалуу жана ачык-айкын жүргүзүү талабын белгилеп отту.
«Жалпысынан билим берүү системасынын деңгээлин жана ага болгон элдин ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондой эле негизги баалуулуктарды, руханий багыт жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл», - деп баса белгиледи президент.