Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун ортосунда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жургузулуп, берилген мааламаттарга карата, алар натыйжалуу аяктады. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында сүйлөшүүлөр майнаптуу болду. «Алардын негизинде 8 пункттан турган бирдиктүү протокол кабыл алынды. Ал жакын арада жарыяланат», - деди Ташиев.
Ошондой эле, чек арага жакын топтолгон укук коргоо жана башка органдардын кызматтарына өз ордуларына кайтуу боюнча буйрук берилип, алар мурда жайгашкан жерлерине кайтарылат. Жана эвакуация болгон жергиликтуу тургундар үйлөрүнө кайтып келет. Эскерте кетсек, 4-июндун таңынан баштап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал тажик тараптын такталбаган тилкеге контейнер орнотуусу менен курчуп кеткен. Тажик тараптан автоунааларда жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлеринин топтолуусу байкалган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине тажик аскерлеринин жана аскердик техникаларынын Ош областынын Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде Кыргызстандын аймагына кирип келишине карата нааразычылык нотасын тапшырды. Кыргыз тарап эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын мындан ары курчушун алдын-алуу максатында тажик тараптан Унжу-Булакка орнотулган контейнерди демонтаждоону, аскерлерди жана аскердик техниканы алып кетүүнү талап кылды. Ошону менен бирге, Чоң-Алай районунун чек арага жакын жайгашкан 5 айылынын тургундары республиканын озгочо кырдаал боюнча министрлиги тарабынан эвакуацияланган.