Жаңылыктар
Коомдук транспорт маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук транспорт маселеси

Бишкек шаарында транспорттук «коллапс» орун алууда, деп айрым кесиптештерибиз маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна карата берген маалматтарында жазып келет. Бирок, шаарда эч кандай коллапс, транспорттук башаламндыктар байкалбайт. Чейрек кылымдан бери эле шаардык жургунчулорду ташууда маршруттук таксилерди ээлеген орду орчундуу деп эсептелип келген. Андайга шаар тургундары да, жетекчилер да конуп калгандай. Ошондон уламбы, айтоор, кийинки беш-он жылдан бери маршруттук таксилердин айдоочулары мезгил-мезгили менен иш таштап, акы толомун которууну талап кылып, карапайым элди да, мэрияны да ойго салып келет. 

Транспорт тармагында иш таштоо адатка айланып бараткандай сезилет. Куйучу майлардын баасы оскон сайын акы толомун которуу маселеси коюлуп, иш таштоо башталат. Айрым катардагы жарандардын пикиринде, майдын баасы убактылуу оскондо толомдор которулот, а бирок, май арзандаганда толомдордун баасы ошол эле бойдон кала берет. Демек толомдорду которуу талабынын башка себептери да болушу мумкун. Бугунку жалпы инфляциянын абалына карап, маршруттарды менчиктеп алгандар, таксилердин ээлери катардагы айдоочуларга кошумча шарттарды коюп, кошумча толомдорду мойнуна жуктоп жаткан чыгар, дейт серепчилер. Канткенде да, айдоочулардын иш таштоосу - бул жонокой маселе эмес, бул адистер, шаар жетекчилиги, укук коргоо органдары изилдеп, тергей турган маселе.

Ал ортодо, жонокой жургунчулор тузулгон кырдаалдан кандай чыгуусу керек? Маршруттук таксилердин кочого чыкпай калганына карабай, жонокой жарандар ишинен кечикпей, барар жеринен калбай жумуштарын бутуруп журот. Аларга жургунчулорду акысыз ташыган автобустар чон жардам беруудо. Кала берсе, унаасы бар тургундардын автобекеттерден жургунчулорду арзан баада же акысыз ала жургон учурлары да кобоюп, алар дагы элге жардамын корсотуп келет. Элдин ынтымагы, биримдиги ушундай тузулгон озгочо кырдаалдарда анык билинет эмеспи.