Жаңылыктар
Коррупцияга чулганган Кумтөр иши
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупцияга чулганган Кумтөр иши

Бул жумада бир катар атка минерлер улуттук коопсуздук комитети жана прокуратура тарабынан кармалды. Алардын копчулугу Кумтор алтын кенине байланыштуу ачылган кылмыш иштеринин алкагында, коррупциялык кылмыш иштери боюнча шектуу деп саналууда. Кармалгандардын катарында мурунку аткаминерлер менен учурда кызматта жургон аткаминерлер да бар. 

Олкодогу коррупцияга каршы болгон курош натыйжалуу улантылууда. Серепчилердин пикиринде, коррупцияга каршы курошуунун натыйжасыз, жемишсиз болгону кызмат ордун ээлеген чиновниктердин гана эмес, мамлекеттик кызматка кирип иштесем деген жаштардын да психологиясына терс таасирин тийгизет, албетте. Анткени, коррупциялык кылмыш эсебинен эбегейсиз байыгандар, мындай кылмыштар жазасыз болбойт турбайбы, деген ойдо калышат. Ал эми, мамлекеттин казынасын тоносо да, элдин акысын жесе да, жазасыз журо берген атка минерлерди коргон жаш кызматкерлердин ойлору бузулбаганда кайда барат?- дейт саясий серепчилер.

Кумтор алтын кенине байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча журуп жаткан тергоонун алгачкы кадамдары корсотуп тургандай, олконун коопсуздук жана прокуратура органдарынын алдында буга чейин болуп корбогондой чон иштер турат. Кыргызстанда буга чейин депутаттар да, мурунку окмот жетекчилери, кала берсе, мамлекет башчылары да коррупциялык кылмыш иштери боюнча айыпталып, жазасын тартып келген. Мындай нерсе, коррупцияга каршы курошуп жаткан башка бир дагы мамлекетте байкалган эмес.

Кумтор кенин иштетуу, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу, чет элдик инвессторлор менен келишимдерди тузуу, аларга эбегейсиз женилдиктерди, атайын шарттарды тузуп беруу - бул кадамдардын ар биринин артында аткаминерлердин оз кызыкчылыктары, коррупциялык схемалары жатат, дейт эксперттер. Алардын айтымында, эгерде Кумтор боюнча тергоо иштери жонокой жарыя же куруу соз менен эле чектелбей, аягына чейин чыкса, олкодо коптогон мурунку жетекчилер жоопкерчиликке тартылышында шек жок. 

Кыргызстандын мамлекеттик куржуну акыркы отуз жылда коррупциялык кылмыштарга, паракордук, алдым-жуттумдарга толуп, чегинен ашып кеткени талашсыз. Кылмышына жараша жазасы болушу керек, албетте. Учурда мымлекеттин жетекчилигинде турган, элдин ишенимине ээ болгон инсандар, ишенимди актап, коррупциянын тамырын тубу менен жок кыла алат, деген ойлорун жонокой жарандар жашырбай келет. Адистердин пикиринде, бугунку кундо Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугу менен коррупцияга каршы курошуунун натыйжалуулугу ортосунда «барабар» белгиси турат.