Жаңылыктар
Бишкекке Эверест чокусун багынткан альпинист Эдуард Кубатов кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке Эверест чокусун багынткан альпинист Эдуард Кубатов кайтып келди

Бишкекке Эверест чокусун багынткан альпинист Эдуард Кубатов кайтып келди. Спортчуну үй-бүлөсү, туугандары, достору, күйөрмандары, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү салтанат менен тосуп алышты. 

Эдуард Кубатов ушул жылдын 23-майында Эверест чокусун багындырган. Айтымында, эл аралык экспедицияга катышкан 14 адамдын ичинен 5 альпинист гана Эверестке жеткен. Ал бул чокуга чыгууга 2014-жылдан бери даярдык көрүп келген. Эми спортчунун пландарында Денали жана Винсон чокуларын багынтып, «Дүйнөнүн жети чокусу» программасын аткаруу турат.