Жаңылыктар
Милиция кызматкерлери коомдук жайда телефон уурдаган шектүүнү кармашты
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция кызматкерлери коомдук жайда телефон уурдаган шектүүнү кармашты

Борбор шаардын милиция кызматкерлери коомдук жайда телефон уурдаган шектүүнү кармашты. 

Социалдык тармактарда тараган видеодо белгисиз жаран автобуста элдин көптүгүнөн пайдаланып, жүргүнчүнүн чөнтөгүнөн мобилдик телефонун уурдап жаткан учуру тартылган. Аталган факт Свердлов райондук милициясынын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүдө борбор шаардын аймагында ушул сыяктуу кылмышы үчүн мурда соттолгон 1988-жылы туулган шектүү кармалды. 

Азыркы учурда зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.