Жаңылыктар
Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери ок атуучу курал колдонуп, өзүн-өзү атып, каза болгон
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери ок атуучу курал колдонуп, өзүн-өзү атып, каза болгон

4-июнда 2003-жылы туулган Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери ок атуучу курал колдонуп, өзүн-өзү атып, каза болгон. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган аскер кызматкери 2021-жылы жазында аскер кызматына чакырылган. Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө максатында Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.