Жаңылыктар
Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы башчысы менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы башчысы менен жолугушту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. 

Анда тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министр ЕККУнун Кыргызстандагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон зор салымын белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жардамы менен милициянын көчмө кабылдамасы учурда коомдук тартипти сактап жатканын билдирди. 

Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдамалары радиобайланыш, кызматкерлер үчүн жумушчу столдор жана видеокөзөмөл камералары менен жабдылган. Алар көчөлөрдө жана коомдук жайларда, айрыкча алыскы конуштарда коомдук коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу, ички иштер бөлүмүнүн административдик имаратынан алыс жайгашкан жарандарды кабыл алуу максатында иштелип чыккан. Алексей Рогов өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине ар тараптуу маселелер боюнча колдоо көрсөтүүнү уланта берерин айтты.