Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Ички иштер министрлигинин чемпионаты башталды. Турнир милициянын генерал-майору, СССРдин грек-рим күрөшү жана күрөш боюнча спорт чебери Темиркан Субановдун жаркын элесине арналып, быйыл 10чу ирет уюштурулду.
Чемпионаттын ачылышы Субановго куран окуу менен башталды. Турнирге өлкө боюнча жалпы 13 команда катышып, спортчулар 7 салмак категорияда күч сынашууда. Республикалык турнир үч күнгө уланат. Анын жыйынтыгы менен жеңишке жеткен спортчуларга медаль, дипломдор, ал эми ийгиликке жеткен командаларга кубок менен акчалай сыйлыктар тапшырылат.