Жаңылыктар
Лейлек районундагы Максат айылында фельдшердик-акушердик пункт курула баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлек районундагы Максат айылында фельдшердик-акушердик пункт курула баштады

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында коомдук бирикмелердин биринин жардамы менен фельдшердик-акушердик пункт курула баштады. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова баш болуп жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары капсула салууга катышты. Келечекте курула турган медициналык мекеменин тиш бөлмөсү үчүн жабдуулар орнотулат. Мындан тышкары, коомдук бирикменин өкүлдөрү 15 үй-бүлөгө саан уйларды, 500 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун тапшырды. 

Ошондой эле Кулунду айылындагы жалпы медициналык практика борборунда хирургия жана реанимация бөлүмдөрү үчүн имараттардын курулушу башталды. Бөлүмдөр керектүү медициналык шаймандар менен толук камсыз болот.