УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайда чек арага жакын жашаган тургундар менен жолугушту.
Жолугушууда, Чоң-Алайдын Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик чек арасы тактала элек болгонуна карабастан тажик тарап өздөштүрүүгө аракет кылып жатканын айтты. Тажикстандын тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын билдирди.
“Унжу-Булактагы 1100 гектар жер тактала элек. Коңшулар 1924, 1989-жылдагы карталар боюнча бул жерди өздөрүнө тийиштүү деп эсептейт. Бирок тактала элек жер экенин айтып, бүгүнкүгө чейин тааныбай келебиз. Акыркы маалда тактала элек жерлерге кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатышат”, - деп билдирди Ташиев.
УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган. Саат 14:00гө карата абал туруктуу экени кабарланды.