Жаңылыктар
Аскердик тик учак авариялык абалда конгонун УКМК маалымдады
Кыргызстан жаңылыктары
Аскердик тик учак авариялык абалда конгонун УКМК маалымдады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чоң-Алай районунда аскердик тик учак кулады деген билдирүүгө комментарий берди. 

УКМКнын маалыматы боюнча, аскердик тик учак авариялык абалда конгон. Ошондой эле ведомстводон аталган тик учакта УКМКнын төрагасы болгон эмес деп ырасташты. Мындан мурда, ЖМКларда Ош облусунун Чоң-Алай районуна багыт алган эки тик учактын бири кулап түшкөнүн, анда чек ара маселеси боюнча делегациянын мүчөлөрү болгонун жазышкан.