Жаңылыктар
Кыргызстан Тажикстандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Тажикстандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды

Кыргызстан Тажикстандын элчисине чек ара маселесине байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Тышкы иштер министрлиги тажик тараптан Унжу-Булак жергесине орнотулган контейнерди демонтаждоону талап кылды, - деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы. 

«Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине тажик тарап чек араны делимитация жана демаркация кылуу маселеси боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын деңгээлинде жетишилген келишимдерди, андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын 1-майдагы коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунда түзүлгөн протоколду бузуу менен эки өлкөнүн чек араларындагы абалды курчутууга алып келүүчү кезектеги чагымчыл аракеттерди көрүп жатканы көрсөтүлдү», - деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз тарап эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын мындан ары курчушун алдын алуу максатында тажик тараптан Унжу-Булакка орнотулган контейнерди кайра артка чогултуп, аскерлерин жана аскердик техникасын алып кетүүсүн талап кылды.