Жаңылыктар
Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Чоң-Алайга барган Камчыбек Ташиев жагдайды жөнгө салуу аракетин көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Чоң-Алайга барган Камчыбек Ташиев жагдайды жөнгө салуу аракетин көрүүдө

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга барды. Аны менен бирге Министрлер Кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев кошо барып, жагдайды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. 

Тажикстан аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган тилкеде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, келишимдерди бузуу менен 4-июнда таңкы саат үчтө Кыргызстандын аймагына миң метр ичкери кирип келген. 

Натыйжада Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкесинде контейнер орноткон. “Тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда, бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт”,- жеп жазылат Министрлер Кабинети тараткан маалыматта.