Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун бир тууганынын атына жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан жеринен шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдары менен байланышы жана жеке тааныштыгы бар делген фактыларды аныктап, бөгөт коюу боюнча жүргүзүп жаткан иш-чаралардын алкагында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысын аныктады. Такталгандай, Кыргыз Республикасынын президенти Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атына жамынып алып, алдамчылык жол менен пайда тапкысы келген эки адам кармалды.
Алар чоочун адамдардын ишенимине кирип, эл керектөөчү товарлары бар контейнерлерди чек ара жана бажы кызматынан өткөрүп берүү үчүн өзгөчө ири сумманы, тактап айтканда 1 млн 250 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү акчаны алдап өндүрүүгө аракет кылышкан. Бул факт боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козгоду.
3-июнь күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгүн алгандан кийин, эки жаран кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат деп айтылат маалыматта.