Жаңылыктар
Талас облусу аймагында «Мигрант» аталышындагы атайын рейд өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусу аймагында «Мигрант» аталышындагы атайын рейд өткөрүлдү

Талас облусунун аймагында мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында  жеке жана юридикалык жактардын чет өлкөлүк  жарандарды мыйзамсыз иштетүүсүнө бөгөт коюу багытында иш-чаралар жүрүп жатат. Чет өлкөлүк жарандардын Талас облусунун аймагына чек арадан мыйзамсыз өтүп Кыргыз Республикасында жүрүүнүн эрежелерин бузууларга текшерүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган рейд адамдарды сатуу фактыларынын алдын алуу жана аныктоо үчүн жүгүзүлүүдө. Кызматкерлер тарабынан атайын иш мерчем дайындалып, милициянын ар бир кызматынан куралган атайын топ менен кошо күч каражаттар белгиленип, аймактарга бөлүндү. Рейддин жүрүшүндө Талас облусунда убактылуу иштеп жаткан  24 чет элдик жаран текшерилди. Анын ичинен 5 жаран мыйзамсыз  миграция  болуп жүргөндүгү аныкталган. Аталган фактылар аймактык ички иштер органдарына өткөрүлүп, электрондук журналдарга катталып, текшерүүгө алынды.