Жаңылыктар
Табылбай жаткан кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу иш координациялык кеңешмеде талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Табылбай жаткан кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу иш координациялык кеңешмеде талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов дайынсыз болуп табылбай жаткан кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешмесин өткөрдү. 

Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны күчөтүп, зарыл болгон ыкчам чараларды жүргүзүүнү баса белгиледи.