Жаңылыктар
Кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгына арналган концерттик иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгына арналган концерттик иш-чара өттү

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгына арналган концерттик иш-чара өттү. 

Анда чет өлкөлүк сынактарда ийгиликтерге жетишкен жаш аткаруучу, композитор, дирижёрлердун коштоосунда камералык музыкадан симфониялык ырларга чейин жаңырды. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында бир гана республикалык эмес, эл аралык сынактарда ийгилик жараткан бир катар жаш чыгармачыл жаштар грамота, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 

Негизги максат - келечек муунду классикалык музыкага тартуу, үндөө болду. Концерттик кечеге маданият министри Кайрат Иманалиев, консерваториянын студенттери, мугалимдери жана өнөр адамдары катышты.