Жаңылыктар
Кыргызстан - Канада: тышкы иштер министрлери “Кумтөрдүн” айланасындагы кырдаалды талкуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Канада: тышкы иштер министрлери “Кумтөрдүн” айланасындагы кырдаалды талкуулашты

Кыргызстан менен Канаданын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Марк Гарно телефон аркылуу сүйлөштү. 

Сүйлөшүү Канада тараптын демилгеси менен өтүп, министрлер “Кумтөр” кенинин айланасындагы кырдаалды талкуулашты. Кыргызстан ар дайым ак ниеттүү чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу климат түзүүнү жактап келген жана мындан ары дагы ушул принциптерди сактоого ниеттенип жаткандыгы белгиленди. “Кумтөр” долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. 

Министр Руслан Казакбаев Кыргызстанга ак ниет, ачык жана ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнү көздөгөн, улуттук мыйзамдарды сыйлаган жана айлана-чөйрөгө аярлуу мамиле жасаган ак ниеттүү чет элдик инвесторлор чакырылат деп белгиледи. Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги башка маселелерди дагы талкулашты.