Жаңылыктар
Кыргызстан боюнча калкты тейлөө борборлорунун иштөө режими өзгөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан боюнча калкты тейлөө борборлорунун иштөө режими өзгөрдү

Эртең, 4-июндан тартып, калкты тейлөө борборлорунун жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн иштөө режими өзгөртүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. 

Эми Кыргызстан боюнча КТБлору жана ЖААКПКК бөлүмдөрү саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштешет. Мамлекеттик каттоо кызматынын буйругуна ылайык кызматкерлердин ийкемдүү иш графиги бекитилет.

Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын жарандарынын ыңгайлуулугу үчүн жана жай мезгилине гана 2021-жылдын 31-августуна чейин киргизилген. Буйрукка МККнын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкарбек Карыбеков 2021-жылдын 3-июнунда кол койду.