Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов кол койду. Буйрук менен министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыканов тааныштырды.
Индира Кудайбергенова 29-майда өткөн ректор шайлоодо утуп чыккан. Ага 731 профессор, окутуучунун 698и добуш берген. Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алган.