Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полку Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шаар тургундарын ташуу үчүн 4 автобус бөлүп №100 маршруттун каттамында жарандарды бекер ташышууда. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 2–июндан бери кичи автобустар, жол кирени көтөрүүнү талап кылып, линияга чыгыша элек.