Жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнүн мааниси, чоңдордун көңүлүн баланын укуктарын коргоого буруу.
Биз жылдын бир эле күнү эмес, ар бир күн, саат, мүнөт сайын кунт коюп көңүл бурушубуз керек. Балаңызды кыйынчылыктардан сактоо үчүн, убакыт жана көңүл бурууңуз абзел. Ата-энелерден суранабыз балдар менен анын иштери, окуудагы жетишкендиктери, достору менен болгон мамилелери жана айлана-чөйрөсү, кызыкчылыктары жана хоббиси жөнүндө, барган жерлери, кино, музыка тууралуу баарлашып туруңуздар. Жол коопсуздугунун эрежелери, бейтааныш адамдар менен баарлашуунун зыяндуулугу жана күнүмдүк коркунучтар жөнүндө системалуу түрдө сүйлөшүп туруңуздар.
Ар бир бала эмнени билиши керек:
- тааныш эмес адамдар менен байланышканда этият болуп, алар менен сүйлөшпөй, буюмдарды бербей жана эч кандай учурда аларды эрчибеши керек;
- кеч убакытка чейин жүрүүгө болбойт;
- ээн жерлерге, курулуш объектилерине барбай, жер төлөлөрдөн, чатырларда, кароосуз калган жерлерден алыс болушу керек;
- жүргөн жери жөнүндө билдирип, телефонду өчүрбөшү керек;
- тааныш эмес адамдар менен жолугушууга барганга болбойт;
- жанында чочун адамдардын көңүлүн бура турган көп суммадагы акча жана кымбат баалуу буюмдарды алып жүрбөшү керек;
- спирт ичимдиктерин, тамеки чегүүчү аралашмаларды, баңги заттарды жана башка шектүү заттарды, спирт ичимдиктерин колдонгондон алыс болушу керек.
Ата-энелер эгерде сиздин балаңыз кечигип калса, чалууларга жооп бербей жатса, анын кайда жүргөнүн билбей, өз алдынча издөөнү баштоодон мурун ички иштер органдарына тез арада 102 номерине чалып байлашыңыздар. Балдарга кам көрүңүздөр, ташбоор мамиле кылбаңыздар!,- деп эскертет ИИМдин басма сөз кызматы.