Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташууну ишке ашыруучу кыргыз жүк ташуучуларынын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгыны маселесин чечүүгө бурулду.
Улукбек Марипов Элчини Кыргызстандагы дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.