Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы үчүн жаңы административдик имараттын курулушу башталды.
Капсула салуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, комплекстүү имараттын долбоору менен таанышты. Жаңы курулуп жаткан имарат 3 кабаттан туруп, бардык шарты каралган. Жалпы аянты 1 жарым гектарды түзөт. Сметалык баасы жүз миллион сомдон ашат. Камчыбек Ташиев билдиргендей, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына салынып жаткан имараттын сырткары, облуста үч район жана бир шаардык бөлүмдүн имараттары жаңыдан салынууда. Курулуп жаткан имараттар мамлекттик бюджеттин эсебинен эмес, ишкерлердин, өнөктөштөрдүн колдоосу менен бүткөрүлүп жатат.
“Буйруса, 2 жыл ичинде өлкө боюнча УКМКнын көптөгөн имараттары жаңы курулат. Быйылкы жылкы курушка 50 миллион долларлык каражаттын тегерегиндеги имараты курулуп жатат. Жакында эле Бишкек шаарында 250 орундуу аскердик-медициналык борбордун курулушу башталды. Жалал-Абад шаарында ири имараттардан мына ушул облустук башкармалык салынып жатат. Мунун бардыгы мамлекеттин коопсуздугун сактоо, кызматкерлерге шарт түзүү максатында жасалууда”,- деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.