Жаңылыктар
Бишкектеги эл ташыган кичи автобус айдоочулары бүгүн дагы каттамга чыккан жок
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги эл ташыган кичи автобус айдоочулары бүгүн дагы каттамга чыккан жок

Жол кире акысын жогорулатууну талап кылып иш таштаган эл ташыган кичи автобус айдоочулары бүгүн дагы каттамга чыккан жок. 

Буга байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгы калаадагы троллейбустардын ишин түнкү саат 23:00гө чейин узартты. Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилиши мүмкүн экенин билдирди. Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен 2-июнда жолугуп, тариф маселесин талкуулаган.

Эскерте кетсек кечээ Бишкектеги маршруттук таксилер иш таштап, миңдеген эл көчөдө транспорт күтүүгө аргасыз болду. Башкалаа жетекчилиги “Ала кет!” флешмобун баштап, айдоочуларды жолдо калган кишилерди ала кетүүгө үндөп жатат. Шаардагы райондордун акимчиликтери акысыз транспорт уюштуруп, жаңы конуш, микрорайондордун тургундарын ташууда.