Жаңылыктар
Добушуңду сатпасаң шайлоо таза өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Добушуңду сатпасаң шайлоо таза өтөт

Ош жана Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамы жаңыланды. Буга алардын шайлоодогу мыйзам бузууларга көз жумганы себепкер экени белгиленди. Ал эми Бишкектин шайлоо комиссиясы добуш сатып алуулар тууралуу фактыларды өз убагында кабарлагандыктан, мурдагы курамда иш алып барат. Аталган үч шаарда жергиликтүү кеңештерге болгон кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. Мыйзам бузууларга катыштыгы бар талапкерлер эми шайлоого катыша алышпайт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоону уюштуруунун календарлык планы бекитилди. Ага ылайык үгүт иштери 20-июнда башталат. 11-июлга белгиленген шайлоонун расмий жыйынтыгы 24-июлга чейин жарыяланышы керек. 11-апрелде өткөн шайлоодо аталган үч шаарда бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ага себепчи болгон талапкерлер кара тизмеге киргизилип, бул жолку шайлоого катыштырылбайт. Ошондой эле мыйзам бузууларга көз жумган Ош менен Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамы жаңыланды.