“Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча УКМК тарабынан кармалган Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхат Пирматов жана Талантбек Узакбаев эки айга камакка алынды. Кыргызстан менен Канадалык компаниянын ортосундагы келишимдердин бардыгында мыйзам бузуу орун алгандыктан өлкө өзүнө тийиштүү пайдасынан куру кол калган. Адистердин айтымында, келишим түзүүдө улуттук кызыкчылык эске алынган эмес. Бир катар чиновниктердин кармалышы - алдыда “Кумтөргө” байланышкан бардык иштердин ачыкка чыгышын шарттайт дешет адистер.
"Кумтөр" боюнча буга чейинки бардык келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калганы - акыркы козголгон кылмыш иштеринин алкагында ачыкка чыгууда. Кол коюлган документтер, ошол кездеги сүйлөшүүлөрдүн басымдуу бөлүгү - Кумтөр ишинде өлкөнүн жогорку кызмат адамдары коррупцияга аралашкан деген шекти күчөттү. Буга багытталган фактылардын жана көрсөтмөлөрдүн негизинде, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети акыркы күндөрү бир катар жогорку кызмат адамдарын камакка алды.
“Кумтөр” боюнча коррупциялык келишимдердин бири катары убагында 16 миң гектардан ашык жердин Центеррага мыйзамсыз берилип кеткени аталууда. Бул иште мурдагы өкмөт башчылар Данияр Үсөнов, убагында премьер-министр болгон Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар деген шек жаралууда.