Июнда Кыргызстанда бензиндин баасы дагы 3-4 пайызга кымбаттайт. Бул туурасында өлкөнүн Мунай сатуучулар ассоциациясынан билдиришти. Алар бааны кескин түрдө кымбаттатпай акырындык менен жогорулатып жатышканын айтууда. Бензиндин көтөрүлгөн баасы айрыкча айдоочуларды тынчсыздандырууда.
Бишкек шаарынын тургуну Дуулат Курманалиев бензиндин баасы кымбаттап жатканына карабай, такси айдап акча табат. Өтө көп пайда түшпөсө да күнүмдүк жашоого тыгынчык болот,- дейт.
Күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттаганы - борбор калаадагы айдоочулардын маанайы түштү. Баа улам жогорулай берсе кандай күн болот деп кабатыр.
Мунайзаттын баасы дүйнө жүзү боюнча көтөрүлүп жаткандыктан, РФнын нефтини кайра иштетүүчү заводдору бааны кайра дагы жогорулатты. Бензиндин баасы эми Кыргызстанда дагы 3-4 пайызга кымбаттайт,- деп билдирди Кыргызстандын Мунай сатуучулар ассоциациясынын адистери.
Маалыматтарга караганда, жылдын башында “Брент” маркасындагы нефтинин бир барелли 50 доллар болсо ,бүгүнкү күндө 70ке жетти. Бул жылы бензиндин баасы 39 пайызга чейин жогорулады. Кескин түрдө наркы жогорулап кетпесин деп Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентиги жагдайды көзөмөлдөөдө.