Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Эсиңиздерге салсак, 31-майдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз болууда. Ал эми ал эмгектенген билим берүү мекеменин жамааты жана ата-энелер 2 күндөн бери митингге чыгып, тиешелүү тараптардан Орхан Инандыны табууну талап кылышууда.
Эки күндөн бери Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратынын алдынан «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жамааты жана ата-энелер кетпей турушат. Алардын талабы эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны табуу. Кесиптештеринин айтымында акыркы 7-8 жылдан бери Түркиядагы саясий кырдаалга байланыштуу «Сапатта» иштеген кызматкерлер саясий куугунтукка кабылып, Түркияга бара албай жүрүшкөн.
«Сапат» эл аралык мектебинин негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инандыны колдогон митинг түштөн кийин өкмөт үйүнүн жанында уланды. Үрөйдү учурган кабар желдей тарап, кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Жарандык коом, билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдер, миңдеген бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери тынчсыздануу менен кайрылышып, бийликтен чечкиндүү кадамдарды талап кылууда.