Жаңылыктар
Бишкекте маршруттук каттамдар токтоп, шаардыктар жолдо калды. Талап кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте маршруттук каттамдар токтоп, шаардыктар жолдо калды. Талап кандай?

Кичи автобустардын айдоочулары ушуну менен үчүнчү жолу иш таштап, шаардыктарды жолдо калтырды. Айрым айдоочулар жол кире 15 сомго көтөрүлсүн деген талабы үчүн аягына чейин турабыз деп жатышат. Мыйзамга ылайык жол кире акысы канча болорун шаардык кеңеш аныктайт.

Айрым айдоочулар жол кирени көтөрбөсө ишке чыкпай турганын билдирди. Анткени тапкан кирешеси күнүмдүк оокаттан ашпайт. Эскилиги жеткен унаалары күн сайын бузулат. Ошондой эле насыяны жабуу, унаанын ижарасын төлөө сыяктуу көйгөйлөрү бар. Эртең мененки бештен түнкү он бирге чейин иштеп, жарыбаган тыйын тапкандан жадашты. Буга кошумча күйүүчү май, азык-түлүктүн кымбатташы иш таштап, көчөгө чыкканга түрттү.

Кичи автобустар көрүнбөй калгадан кийин эл ири автобус менен троллейбустарга болушунча тыгылды. Муниципалдык транспорт жүрбөгөн чет жакадагылар жумушуна же окуусуна ашык акча төлөп такси менен жетүүгө аргасыз болду. Такси кызматындагылардын күнү тууп, кызмат акысы бир нече эселеп көтөрүлдү.

Ал ортодо аялдамада зарыгып күткөн жүргүнчүлөрдү өзү менен кошо ала кетүү демилгеси көтөрүлүп, айрым жарандар активдүүлүгүн көрсөттү. Патрулдук милиция дагы четте карап турган жок. Айдоочулар көп учурда ар бир жүргүнчүдөн 50 сомдон алып, ташып жатты.