Бишкектеги 6-кичирайондо жаңы сквер ачылды. Аянты 1 гектар жерди түзгөн эс алуу жайы 1 айдын ичинде бүткөрүлдү. Замандын талабына жараша акысыз Wi-Fi дагы орнотулду. Ачылыш аземге шаар тургундары, шаардык мэриянын өкүлдөрү катышты.
Кезектеги чакан сейил бак Сухе Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачылды. Буга чейин бул жер башаламан соода-сатык кылган жай болсо, эми жашоочулар үчүн чакан эс алуучу жайга айланды.