Кыргызстанда 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты. Учурда тиешелүү документтер каралууда.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, негизги милдет - туризмди өнүктүрүү болуп жатат. Биринчиден экологиялык жактан таза жана коопсуз өлкөнү келечек муунга өткөрүп берүү керектигин билдирди.
Ошондой эле ал көптөгөн иш-чаралар туризмди жайылтууга багытталып, аны банктар, өнөктөштөр колдоп жатканын баса белгиледи.