Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жүргүнчү ташуучу унаалардын жол киресин көтөрүү маселесин киргизет. Бул тууралуу вице-мэр Руслан Акылбеков маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, муниципалитет тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет кылып жатат.
Белгилей кетсек, кичи автобустар ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Айдоочулар мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.