Ушул тапта соттук-укуктук реформанын алкагындагы жазык-сот системасында олуттуу жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да бар. Бул тууралуу Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
“Адилет” укуктук клиникасы, Башкы прокуратура эл аралык уюмдар менен биргелешип уюштурушкан жыйынга парламент депутаттары, Башкы прокурор, президенттик администрациянын өкүлдөрү, укук коргоочулар, юристтер катышууда. Кыргызстанда укуктук-соттук реформа 2012-жылы башталган. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган.
“Жаңы кодекстер иштеп баштагандан бери коомчулукта ар түрдүү сын-пикирлер айтылып жатканын ачык моюнга алышыбыз керек. Мындай сынды карапайым калк гана эмес, кодекстерди практикада түздөн-түз колдонуп жаткан соттор, юристтер, адвокаттар, прокурорлор, укук тартибин коргоо органдарынын өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер жана ишмердүүлүгү эч себепсиз камакка алынып, токтоп калган бизнес өкүлдөрү, укук коргоочулар айтып келишти”,- деди Башкы прокурор Курманкул Зулушев.