Жаңылыктар
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Орхан Инандыны колдогон митинг уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Орхан Инандыны колдогон митинг уланууда

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат. Чогулгандар дайыны белгисиз болуп жаткан «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, кечээ да ушундай талаптарды айткан жарандар элчиликтин алдына чогулушкан. Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инандынын унаасы 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.